• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда курулуш материалдарын саткан базардан өрт чыкты (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8нен 9-декабрына караган түнү болжол менен саат 00:42лер чамасында Жалал-Абад шаарынын Ж.Шерматов көчөсүндө жайгашкан “Рахат” курулуш материалдар базарында өрт чыккан.

ӨКМден кабарлашкандай, кырсык катталган жерге өрт өчүрүүчүлөр барып, саат 03:00дө тилсиз жоо толугу менен өчүрүлгөн.

"Өрттүн натыйжасында курулуш материалдар базарынын түштүк-батыш тарабындагы жалпы 350 чарчы метр аянт күйгөн, анын ичинде 3 жыгач иштетүүчү цех, 3 курулуш материалдарын сатуучу соода жайы толугу менен өрттөнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий