Жалал-Абадда куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абадда куткаруучулардын кесиптик майрамы белгиленди.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чарага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, район-шаарлардагы куткаруучулар, ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Майрамдык салтанатта облус башчысы тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик күнү менен куттуктады. Ал Жалал-Абад облусу өлкөдөгү эң көп табият кырсыктары катталган аймактардын бири экенин белгилеп, ар түрдүү тобокелчиликтердин алдын алуу, кырсыктын кесепеттерин жоюуга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсү менен куткаруучулардын күжүрмөндүгүн ашыруу, жумушун илгерилетүү үчүн техникалык базасы жаңыланып, керектүү шарттар жаратылып жатканын кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар куткаруучуларга ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий