• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Жалал-Абадда кырсыктардын тобокелдигин азайтууга багытталган машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь – Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында атайын тактикалык окуу-машыгуу өттү.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов катышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ал атайын тактикалык окуу-машыгуунун максаты, жарандардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүү, техногендик жана табигый кырсыктардан сактоо, ошондой эле, элдин жарандык коргонуу жаатындагы аң сезимин жогорулатуу болуп саналаарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий