• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн сом айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Жалал-Абадда кыш өндүрүүчү компанияларга 1 млн сом айып салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Мамкурулуш агенттигине караштуу Жалал- Абад регионалдык мамлекеттик-архитектура курулуш контролдоо башкармалыгы Сузак районундагы "Тумара" ЖЧК, Курук-Сай участкасындагы "Курук-Сай кыш заводу" ЖЧК, Сасык-Булак айылындагы "Арашан" ААК, Барпы айыл өкмөтүнүн Тобой айылындагы "Трасс ОсОО" ЖЧК, Барпы айыл өкмөтү Курук-Сай участогундагы "Султан-Ата" ЖЧКда пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында ченемдик укуктук актылардын бузулган фактылары аныкталыды.

Аталган фактылар боюнча жазма буйруктар берилип КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстин 144-беренсинин 1-пунктуна ылайык ар бир кыш өндүрүүчү заводго 200 миң сом айып пул салынып, жалпы 1 млн айып пул мамлекеттин эсебине өндүрүлдү. Мындан ары мыйзам чегинде тийешелүү иш-аракеттер уланат.

Пикир

Оставить комментарий