• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып эстелик тургузулду

Аймак 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Жалал-Абадда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерине арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 16-майда облустук милициянын имаратынын алдында тургузулган эстеликтин ачылышына Жалал-Абад ОИИБдин өздүк курамы, ИИОнун ардагерлери, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жубайлары жана жакындары катышты. Иш-чаранын катышуучулары тарабынан эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, куран окулуп, каза болгон кызматкерлер эскерилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарууда өз жанын аябай, кылмышкерлер менен кармашууда каза болгон кызматкерлер эч качан унутулбай тургандыгы белгиленди. Алардын жасаган эрдиктери келечек муундарга дем берээри, жаш кызматкерлерге үлгү болоору айтылды.

Кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон кызматкерлердин жакындары Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилигине ыраазычылык билдиришип, өздүк курамда жоготуулар болбошун тилек кылышты.

Мындан сырткары, республиканын ар кайсы аймактарында каза болгон кызматкерлердин жаркын элестерине арналып өткөрүлгөн спорттук мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлер сыйланышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунда 1954-жылдан тартып кызмат учурунда 32 кызматкер каза болгон болсо, анын ичинен 16сы кылмышкерлердин колунан мерт кеткен.

Пикир

Оставить комментарий