Жалал-Абадда "Өлбөс полк" жүрүшү өттү

Аймак 0

Бишкек, 09.05.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган "Өлбөс полк" жүрүшү өттү.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында Жеңиш эс алуу багындагындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл коюлду.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жалпы катышуучуларды куттуктап, тынчтыктын баркын, ата-бабалардын каармандыгына токтолду.

"Ушул салтанаттуу күнү биз аталарыбыздын эрдиктерин сыймыктануу менен эстейбиз, оорук эмгекчилерине сый көрсөтүп, ардагерлерибизге ыраазычылык айтабыз. Мындагы апаатка Жалал-Абад облусунан 30 миндей адам катышып, анын 18 миңден ашууну кайтпай калган. Жыл сайын 9-май ошол мезгилдеги бүткүл союздаш өлкөлөр менен катар көп улуттуу кыргызстандыктар үчүн да маанилүү күнгө айланган. Согуштагы каармандыгы үчүн Кыргызстан боюнча 72 жоокерге “Севеттер Союзунун Баатыры” наамы берилген болсо, алардын 7си Жалал-Абад облусунун тургундары болушкан.

Бүгүнкү күндө облусубузда Улуу Ата Мекендик согуштун 9 катышуучусу, оруктун 14, 1 концлагердин туткуну калды. Андыктан, арлагерлерибизди татыктуу кадырлап калалы", – деди Сыргабаев.

Жүрүшкө президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик, мекеме-ишканалардын жамааттары, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана ардагерлер катышты. Ошондой эле акцига шаардагы жалгыз согуш ардагери Сфин Гаффан, концлагердин туткуну Валентина Симоненко да катышты.

Пикир

Оставить комментарий