• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда үлпөт той учурунда унаада баратып ок чыгарган жаран кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Жалал-Абадда үйлөнүү тоюнда унаада баратып абага ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда белгисиз жаран үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын арасынан BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын каптал айнегинен чыгып, бир нече жолу абага ок чыгарган тартылган видео тараган.

Аталган факты боюнча ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, аталган видео Жалал-Абад облусунун аймагында тартылганы аныкталып, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган О.Ж. кармалып, иликтөө иштерин джүргүзүү үчүн Сузак райондук ички иштер бөлүмунө жеткирилди.

ЖКККББ айдоочулардан жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий