Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандардын облустук спартакиадасы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда майыптыгы бар жарандардын XII облустук спартакиадасы башталды.

Президенттин облустагы өкүлчулүгүнөн билдиришкендей, бул жолку оюндарды өткөрүү кезеги Тогуз-Торо районуна туш келип, аймактын алыстыгын эске алуу менен райондук бийлик Жалал-Абад шаарында уюштурган.

Оюндун ачылышына президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Тогуз-Торо районунун акиминин биринчи орун басары Дамир Тагайбек уулу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустун район-шаарларынан келген 200дөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.

Буга чейин салтка айланып калган спорттук оюндар жыл сайын уюштурулуп, кезеги менен облустун бардык район-шаарларында өткөрүлдү. Бүгүнкү иш-чаранын жүрүшүндө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дем-күч берген спартакиада оюндарын келеээрки жылдары да улантуу сунушу көтөрүлдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл спорттук жарышты өткөрүү аракеттери дагы да колго алынаарын белгиледи.

“Биз тиешелүү мыйзамдардын чегинде майыптыгы бар жарандарыбыз мамлекеттин колдоосуна жана коргоосуна муктаж экенин ар дайым сезебиз. Облусубузда 51 миң 917 майыптыгы бар жарандарыбыз бар. Алардын ичинен 8 миң 165и бала кезинен майыптык алгандар.

Жылдан жылга мамлекет тарабынан аларга берилүүчү жөлөк пулдардын көлөмү артып, мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлүп келе жатат. Бирок майыптыгы бар жарандарыбыз ага карап турбастан, өздөрү демилге көтөрүп, ар түрдүү тармактарда өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келе жатышат. Андыктан, сиздер бүгүнкү дени сак коомго, жаш муундарыбызга чоң үлгүсүздөр", –деди ал.

Облустук спартакиаданын катышуучулары спорттун 8 түрү боюнча күч сынашат. Жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, диплом жана медалдар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий