• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Жалал-Абадда майыптыгы бар жарандардын облустук спартакиадасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда майыптыгы бар жарандар арасында облустук 13-спартакиада өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышып, майыптыгы бар жарандарга өзгөчө камкордук көрүү – мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине токтолду.

Жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл борборунда экенин айтып, иш-чара майыптыгы бар жарандарды коомго интеграциялоо, ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналаарын кошумчалады.

Быйыл спорттук саамалыкка ыйгарым укуктуу өкүлдүн резеврдик фондунан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жарыш спорттун 8 түрү боюнча уюштурулуп, ага жалпы 200гө жакын адам катышты.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Социалдык фонд башкармалыктарында каттоодо турган 52 миң 766 майыптыгы бар жарандар бар. Алар тиешелүү денгээлде кепилденген социалдык жардамдарды алып келишет.

Жеңүүчүлөргө алдыдагы убакытта диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий