Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында мечиттерде жума намазын окууга уруксат берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, эртең, 20-ноябрдан тартып Жалал-Абад шаарындагы мечиттерде жума намазы окулат. Бирок санитардык эрежелер тыкыр көзөмөлдөнөт.
Белгилей кетсек, эгер талапка жооп бербеген мечиттер болсо аларга кайрадан чектөө киргизилет.
Пикир
Оставить комментарий