• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда медицина кызматкерлерине кошумча акча толук төлөнүп бүтө элек

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда медицина кызматкерлерине кошумча акча толук төлөнүп бүтө элек. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

"Учурда облустагы медицина кызматкерлерине акча толук төлөнүп бүтө элек. Акчаны төлөөдө өзүнүн категориялары бар. АКча оорунун очогу бар жерге чыккан кызматкерлерге гана – мобилдик бригада, санитардык-карантикдик пункттарда иштегендерге, инфекциялык бөлүмдөрдө күнү-түнү жатып иштеп жаткан медицина кызматкерлерине төлөнөт", - деп, ал кенемте ала турган бардык медицина кызматкерлерине акчалар эки күн ичинде толук которулуп бүтөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирус жуктурган 17 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 506га жетет. Алардын ичинен 130 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий