• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда мектепке барбай, унаа базарда иштеп жүргөн 21 бала аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Жалал-Абадда “Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө 21 бала мектепке барбай, машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.

Белгилей кетсек, рейд Жалал-Абад шаардык милициясынын Балдар иштери боюнча инспекциясы, прокуратура, социалдык адистер тарабынан жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий