Жалал-Абадда мектептердин айланасындагы дүкөндөргө рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 12.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Жалал-Абад шаарындагы мектептердин айланасындагы дүйкөндөргө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык ички иштер бөлүмүнүн, салык кызматынын, шаардык билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган комиссиялык топ катышты.

Рейддин алкагында мектепке жакын жайгашкан дүйкөндөрдүн ээлерине спирт ичимдиктерин, тамеки жана энергетикалык суусундуктарды 18 жашка толо элек балдарга сатылбашы керектиги эскертилди.

Рейддин жүрүшүндө мектепке жакын 23 дүкөндүн сатуучусуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 4 дүкөн ээсине эскертүү берилди. Алдыда мындай рейддер улантылат.

Пикир

Оставить комментарий