• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Жалал-Абадда мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгын текшерүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Күн мурун тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жаңы окуу жылына жана кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерүүсүн улантты.

Кыдыруу учурунда айрым кемчиликтер аныкталып, комиссия курамы тарабынан жеринде эскертүүлөр берилди.

Алдыда мындай текшерүү улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 муниципалдык мектеп бар. 2024-2025-окуу жылына карата мектептердеги оңдоп-түзөө, актап-сырдоо жумуштары үчүн республикалык бюджеттен 9,5 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 4,5 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий