• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда милиция кызматкери өнөкөт оорусу кармаган жарандын өмүрүн сактап калды

Аймак 0


Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. Жалал-Абадда милиция кызматкери өнөкөт оорусу кармаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Сардар Машарипов өнөкөт оорусу кармап калган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калды.

Окуя Жалал-Абад шаарындагы соода түйүндөрдүн биринде 2-февраль күнү 12:30 чамаларда болгон. Ал жерге милиция кызматкери банкоматтан акча алганы кирип, өнөкөт оорусу кармаган жаранды тегеректеп турган топ адамдарды көргөн.

Жерде жаткан жарандын оозун ачууга жетон колдонуп, артка кеткен тилин чыгарган. Ошол учурда жаран милиция кызматкеринин колун бир канча ирет тиштеп жиберген. Бирок ага карабастан кызматкер өз милдетин так аткарып, эс-учун жоготкон жарандын өмүрүн сактап калган. Бир аз убакыттан соң жаран өзүнө келип, жаткан жеринен тургузулган.

Пикир

Оставить комментарий