• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда милиционер менен наристенин сүрөтү түшүрүлгөн дубал сүрөт пайда болду

Аймак 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Жалал-Абадда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин дубалына милиция кызматкери менен жаш наристенин сүрөтү түшүрүлдү. Бул туурлуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, быйыл, 1-ноябрда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Ага утурлай ИИМдин Күзөт кызматынын жетекчилиги өзүнө тиешелүү бөлүктөргө агартуучулук, маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча тапшырмаларды берген.

Анын негизинде көп кабаттуу үйлөрдүн дубалына милиция балдардын коопсуздугунун камсыздоосун чагылдырган сүрөт тартуу маселеси коюлган.

ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндөгү 15-үйүнө милиция кызматкери менен жаш наристе маектешип жаткан учурду чагылдырган сүрөт түшүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий