Жалал-Абадда муниципалдык базарлардын ижара төлөмдөрүн көтөрүү сунушталды

Аймак 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Жалал-Абадда муниципалдык базарлардын ижара төлөмдөрүн көтөрүү боюнча коомдук угуу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коомдук угууга Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси, муниципалдык базарлардын соодагерлери жана шаар тургундары катышты.

Жыйында муниципалдык базарлардын ижара төлөмдөрү 2016-жылдан бери көтөрүлө электиги айтылып, маяналардын, башка төлөмдөрдүн көтөрүлгөндүгүн эске алып, мэриянын керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти тарабынан тарифтерди жогорулатуу сунушу айтылды.

Ага ылайык, учурда борбордук базардан күн сайын бир чарчы метр жер аянтына ижара акы 13 сомдон, кызмат көрсөтүүгө 8 сомдон алынса, сунушталган жаңы тарифтер боюнча бир чарчы метрге күн сайын ижара акы 25 сом, кызмат көрсөтүүгө 15 сомдон сунушталууда. Ал эми "Шабдалызар" базарында да күнүмдүк ижара акыны 13 сомдон 25 сомго, кызмат көрсөтүүгө төлөнүүчү акыны 3 сомдон 10 сомго жогорулатуу сунушталууда.

Мындан сырткары, Строймаркеттин бир чарчы метрине ай сайын төлөнүүчү ижара акыны 140 сомдон 200 сомго, кызмат көрсөтүүгө төлөмдү 80 сомдон 120 сомго жогорулатуу сунушталып жатат.

Пикир

Оставить комментарий