• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдаган эки жай аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.23./Кабар/. Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз спирт ичимдиктерин даярдаган эки жай аныкталды. Бул тууралуу агенттикке облустук миллициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун аймагында 2 жаран талапка жооп бербеген спирт жана спирт кошулган ичимдиктерди сатуу жана сактоо максатында мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Сузак районунун Сузак айыл аймагынын Благовещенко айылында мыйзамсыз спирт ичимдиктерин өндүрүүгө шектелген жарандар аныкталды: 43 жаштагы М.М. жана 37 жаштагы М.Б.

Тиешелүү орган кызматкерлери тарабынан жогорудагы аты аталган жарандардын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө:

  • 100 литр этил спирти;
  • 25 бөтөлкө колдо жасалган ар түрдүү маркадагы арак;
  • 10 бөтөлкө «Бишкек» аталышындагы коньяк;
  • 1 литр коньяк кошулмасы;
  • 300 даана арак жана коньяктын этикеткалары жабыштырылган бөтөлкөлөр;
  • бөтөлкөлөргө жабыштырылуучу этикеткалар, акциз маркалары, пробкалар табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий