• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Жалал-Абадда Олимпиадалык резервдеги региондук спорт мектеби ачылды

Спорт 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарында Дене тарбия жана спорт департаментинин карамагындагы Олимпиадалык резервдеги региондук спорт мектеби ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Спорт мектебинин ачылуу аземине президентин өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Аталган мектептин эски имараты буга чейики №1 кесиптик лицей катары иш алып барып келген. Капиталдык оңдоодон кийин мекеме Олимпиадалык резервдеги региондук спорт мектеби катара жумушун баштады. Анда 2 окуу корпусу, 2 жатакана жана спорт залдары бар.

Мында олимпиадалык спорттун 7 түрү, тагыраагы бокс, дзюдо, жеңил атлетика, оор атлетика, грек-рим күрөшү, балдар, кыздар эркин күрөшү боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлөт. Ага балдар 8-класстан тарта окутула баштайт. Быйыл Кыргызстандын бардык аймактарынан жалпы 100 окуучу тандалып алынган.

Пикир

Оставить комментарий