Бишкек, 19.12.24. /Кабар/. Күн мурун Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында Россиянын “Алабуга старт” программасы тууралуу маалымат берилди.
Ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, “Алабуга старт” программасынын өкүлдөрү жана студенттер жана окуучулар катышты.
“Алабуга старт” программасы 16 жаштан 22 жашка чейинки кыздар үчүн түзүлгөн. Прграммага ылайык, кыздар окуу менен бирге иш менен да камсыз болушат. Окуунун убактысы 9-классты аяктагандар үчүн 2 жыл 10 ай. Ал эми 11-классты аяктагандар үчүн 2 жылды түзөт.
Белгилей кетсек, программага катышкандар үчүн учуп баруу билети, медициналык карта жана башка документ иштери каржыланат. Ал эми жатакана үчүн акы төлөнөт.
Пикир
Оставить комментарий