• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Жалал-Абадда самбо боюнча республикалык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. 26-27-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинде чоңдор жана жаштар арасында самбо боюнча республикалык турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мелдеш самбо боюнча спорт чебери Бекзат Жаныбековдун жаркын элесине арналып мэриянын колдоосу менен демөөрчүлөр тарабынан уюштурулган. Ага Кыргызстандын аймагынан 14 жаштан жогорку 200 спортчу катышты.

Эки күнгө созулган турнирде 71 кг салмактагылар арасында Шерзод Кудайбердиев жеңүүчү аталып, баш байгеге коюлган автоунааны жеңип алды.

Белгилей кетсек, Бекзат Жаныбеков 2018-жылы каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий