• 87.86
  • 93.94
  • 1

Жалал-Абадда "Санарип аймак" тутуму этап-этабы менен ишке киргизилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда "Санарип аймак" тутуму этап-этабы менен ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жыл «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын” алкагында “Санарип аймак” долбоору артыкчылыктуу долбоорлордун бири катары белгиленген. Мындан улам аймактык башкармалыктын жетекчилери жана 500дөй кызматкер атайын бир айлык окутуудан өтүшкөн.

Учурда Курманбек аймактык башкармалыгында жарандардын үй чарба китептери толтурулуп, атайын базага түшүрүлүүдө. “Санарип аймактын” жардамы менен маалымат алуу электрондук форматта жүрөт жана жергиликтүү бийликтин иши толугу менен автоматташтырылат.

Калктын ички миграциясын эсепке алуу жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пайда болот. Шаардын ар бир тургуну үчүн кыймылсыз мүлктүн, малдын, автоунаанын жана анын жеке маалыматтарынын электрондук реестри жана каттоо кызматы, үй-бүлө курамы түзүлөт. Мындай базалык маалымат балдарды мектепке жайгаштырууда, жашаган жеринен тактама же күбөлүк алууда түйшүктү жеңилдетет.

Пикир

Оставить комментарий