• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Жалал-Абадда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшү, андагы айрым маселелер талкууланды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жыйын президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши тарабынан уюштурулган. Ага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, район-шаар башчылары, укук коргоо органдарынын, БШКнын областтагы өкүлдөрү, саясий партиялардын мүчөлөрү жана бир мандаттуу округдан ат салышкан талапкерлер катышты.

Жыйында облус башчысынын биринчи орун басары шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүдө Жалал-Абад облусунда бардык күч аракеттер жумшалып жатканын билдирди. Бул багыттагы өлкө башчысынын буйругун турмушка ашыруу максатында, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эч кандай административдик ресурс колдонулбашы керектиги эскертилгенин айтты.

Иш-чарада айрым талапкерлер тарабынан жер-жерлерде эл менен жолугушууларды уюштурууда жаралган нааразычылыктар боюнча айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары белгилегендей, аймактарда талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, уюштуруу жана коопсуздук иштери каралган. Ага карата партия же талапкерлерден негиздүү далилдер болсо, мыйзам чегиндеги чара көрүлөөрүн айтты. Ушул маселенин айланасында жакынкы күндөрү эле Сузак айыл өкмөт башчысы кызматтан алынгандыгын белгиледи.

Жалал-Абад облусунда шайлоо алдындагы үгүт иштеринин алкагында жалпы 33 мыйзам бузуу аракеттери катталган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Облуста жалпы 686 миң шайлоочу бар.

Пикир

Оставить комментарий