• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абадда социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда аталган тармактын кызматкерлерин КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев куттуктады, деп билдирет өкүлчүлүктөн.

Облус башчысы социалдык коргоо жана профсоюз кызматкери калктын муктаж катмары менен иштөөдөгү эмгеги чоң экенин белгиледи.

"Аймактардагы аярлуу катмардагы калктын жашоо шартын жакшыртып, мамлекеттин социалдык жардамдарын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо жигердүү эмгектенип келесиздер. Сиздер аларга тирек болуп, турмуш кыйынчылыктарын жеңүүгө, эртеңки күнгө ишеним жаратууга дем бересиздер. Ал эми өлкөбүздөгү жалпы эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон профсоюз кызматкерлеринин ишине ийгилик каалайм", – деди ал.

Иш-чарада бир катар алдыңкы кызматкерлер ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий