Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Жалал-Абадда өспүрүм кыз өз жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан иштетилбеген ун комбинатынын имаратында 2005-жылы туулган М.А. аттуу өспүрүм кыз өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, бирок алар жеткенге чейин милиция кыматкерлери өспүрүм кызды жерге түшүргөн.
Пикир
Оставить комментарий