Бишкек, 22.05.22. /Кабар/. Жалал-Абаддагы суу каптаган аймактар калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районундагы бир катар айыл өкмөттөрдөгү ички жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жайдын тамаркаларын кокту колоттон чогулган суулар каптаган.
Учурда, табият кырсыгын жоюу үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана жарандык коргоонуу кызматтары тартылып, сел жүргөн аймактарды тазалоо жумуштары уланууда.
Пикир
Оставить комментарий