• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда түнкү көңүл ачуу жай, компьютердик клубдардагы өспүрүмдөр аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар ичинде түнкү рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Рейддин алкагында түнкү көңүл ачуу жайлары, компьютердик клубдар текшерилип, 18ге толо элек өспүрүмдөрдүн жүргөндүгү аныкталды. Алардын кээ бирлери компьютер оюндарын ойноп, көңүл ачып жүрсө, кээ бирлери тейлөө тармагында иштеп жүргөндүгү белгилүү болду.

Түнкү рейддин жүрүшүндө аныкталган өспүрүмдөрдөн социалдык адистердин катышуусунда түшүнүк каттар алынып, жашаган даректери такталды. Милиция тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өспүрүмдөр ата-энелерине, жакын туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал эми топтолгон материалдар тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы балдар менен иштөө комиссиясына жөнөтүлдү.

Мындан сырткары, №6 жана №7 мектептерде милиция, прокуратура, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана социалдык адистер тарабынан кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган лекциялар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий