• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда рейд учурунда түнкү убакта чоңдордун коштоосу жок жүргөн 12 өспүрүм аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын аймагында “Түнкү өспүрүм” аталышында алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Жалал-Абад мэриясынан билдиришкендей, рейд калаа аймагында түнкү 22:00дөн кийин ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында мэриянын, шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жүрдү.

Рейд учурунда ата-энесинин же жакындарынын коштоосу жок жүргөн 12 өспүрүм аныкталды. Алардын үчөө шаар тургуну болсо, тогузу башка район-шаарлардан келгендер. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып, ата-энелерине карата 4 протокол толтурулду.

Эскерте кетсек, мындай рейд “Балдардын ден соолугуна, дене-бой интеллектуалдык, психикалык жана руханий адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүлөрдүн алдын алуу чаралары жөнүндө” мыйзамын аткарууга алуу максатында байма-бай уюштурулуп келет.

Пикир

Оставить комментарий