• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жалал-Абадда талапка жооп бербеген диний окуу борбору убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорго рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын имам хатиби, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы тартылып, диний борборлордун санитардык абалы, коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Рейд учурунда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттосунан өтпөгөн, нормадан ашыкча көп сандагы балдарды бир бөлмөдө окутуп жаткан 1 диний окуу борбору аныкталып, 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, борбор убактылуу жабылды.

Мындан сырткары, мечиттерге, диний окуу борборлорго коюлган талаптардын аткарылышы көзөмөлгө алынып, айтылган кемчиликтерди жоюу боюнча окуу борборду уюштурган жеке тараптарга эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 42 мечит, 4 медресе, 1 диний окуу борбору бар.

Пикир

Оставить комментарий