• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда ТКАКК агенттигинин Кара-Көл секторунун башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 11.04.24./Кабар/. Жалал-Абад облустук Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Кара-Көл секторунун башчысы С.И.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды

УКМК мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында айдоочулук күбөлүккө квалификациялык экзамендерди кабыл алууда курсанттардан системалуу түрдө акча каражаттарын алуу боюнча коррупциялык фактыларды аныктады.

Тактап айтканда, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Кара-Көл секторунун башчысы С.И.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, опузалап пара алуу максатында курсанттарга практикалык экзамендерди кайра тапшыруусу үчүн жасалма шарттарды түзгөн.

Мындан улам, 2024-жылдын 8-апрелинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында курсанттан кезектеги параны алып жаткан учурда мекеменин жетекчиси С.И.Ж. кармалды.

Аталган жаран учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий