• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам иске ууланып каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда турак үйдөн өрт чыгып, бир адам изге ууланып каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-мартта саат 09:25 Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарына караштуу Сай-Коргон айылында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине эки өт өчүрүү бөлүмү тартылып, өрт саат 09:45те чектөөгө алынып, саат 10:57де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 38 жаштагы А.С. аттуу эркек киши түтүнгө ууланып каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий