• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Жалал-Абадда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 10.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында укук бузуулардын алдын алуу багытындагы координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга Жалал-Абад облусунун башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, облустук укук коргоо органдарынын башчылары, район-шаарлардын, айыл аймак жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Мында жергиликтүү администрациялардын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомдук алдын алуу борборлорунун жер-жерлердеги иш-аракеттери жана облустун аймагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин абалы талкууланды.

Ага катар кен казып алуучу компаниялардын ишмердүүлүгү, мыйзам эрежелеринин сакталышы тууралуу маалыматтар айтылды.

Облус башчысынын биринчи орун басары жергиликтүү бийлик жана тийиштүү тармактарга, аймактарда Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу мыйзамын сакталышы, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо, коомдук алдын алуу борборлорун уюштуруу, бул багыттагы калктын маалымдуулугун жогорулатуу багытындагы жумуштарды күчөтүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий