Жалал-Абадда укук бузуулардын алдын алууга багытталган кеңешме өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.06.24./Кабар/. Күн мурун Жалал-Абал облусунун аймагындагы коомдук коопсуздукту күчөтүү, укук бузуулардын алдын алууга багытталган координациялык кеңешме өттү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жыйынга президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук укук коргоо органдарынын башчылары, район-шаарлардын, коомдук алдын алуу борборунун, айыл аймак жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Мында облус аймагындагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар, балдар кылмыштуулугу, уурулукту болтурбоо, диний экстримизм, жол кырсыктарын алдын алуу жаатындагы бир катар маселер талкууланды. Ошондой эле, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, сел ташкындарынын кесепеттерин жөнгө салуу, алдын алуу аракеттери тууралуу айтылды.

Облус башчысы жергиликтүү бийлик жана тийиштүү тармактардын кызматкерлерине коомчулук арасындагы ар түрдүү терс көрүнүштөргө каршы өз убагында чара көрүү зарылдыгын эскертти. Облус аймагындагы мыйзамсыз салынган мечиттерди көзөмөлгө алуу, жол кырсыктарын болтурбоо боюча жеткиликтүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий