• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абадда вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда коронавируска каршы вакцина алуу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөзма сөз кызматы билдирди.

Облус башчысынын орун басары Ырысбек Ызабеков шаардагы №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып COVID-19га каршы вакцина алды. Анын айтымында, азыркы учурда жарандардын ден соолугун сактап, илдетке каршы турууда эмдөө алуу эң башкы орунда.

Облустук штабдын жыйынында да бардык аймактарда эмдөө боюнча элге туура маалыматтарды жеткирүү, түшүндүрүү иштеринин алкагында активдүү катышууну уюштуруу тапшырмасы берилди. Учурда облуста жалпы 7 миң 205 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Экинчи жолку эмдөөнү алып жаткан облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимовдун белгилешинче, буга чейин Жалал-Абад облусуна кытайдын 18 миң доза “Синофарм” вакцинасы келген. Ага кошумча өткөн аптада 1500 доза “Спутник v” вакцинасы алынган. Аны менен жалпы 9 миң 750 адам эмделиши керек.

Жаңыдан келген “Спутник v” вакцинасы Жалал-Абад шаары жана Сузак районуна берилген.

Пикир

Оставить комментарий