• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда өзгөчө абал жана коменданттык сааттын эрежелери айтылды

Аймак 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 25-марттан тарта өлкөдө киргизилген өзгөчө абал режимине ылайык күндүзгү учурда тургундар үч негиздүү себептер менен гана көчөгө чыгууга болот. Бул тууралуу киргизилген өзгөчө абал жана коменданттык сааттардын эрежелери боюнча өткөрүлгөн маалыматтык жыйында Жалал-Абад облустук тергөө кызматынын башчысы Канат Аскарбеков билдирди.

“Алар ден соолугуна байланыштуу медициналык жардамга муктаж жарандар, дарыканага жана азык-түлүк сатып алууга чыккандар. Өкмөттүн алдында түзүлгөн Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча штабдын талаптарын так аткарбаган жарандар Кыргыз Республикасынын Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстеринин негизинде жоопкерчиликке тартылат”,- деди ал.

Жыйынга ошондой эле күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, аталган район-шаардын башчылары жана дин аалымдары да катышты.

Өлкөдө коронавирус оорусунун жайылуу коркунучу күч алып жаткандыгына байланыштуу, 25-марттан 15-апрелге чейин кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилип, бул убакыттарда көчөдө жарандардын кыймылы күчөтүлгөн тартипте токтотулат.

Шаар мэри Мураталы Тагаев бул аракеттердин баары оорунун калк арасында жайылуусун алдын алуу экендигин, анын алкагында эң башкы талап жарандардын жана ички кыймылды кыскартуу экендигин билдирди. Аны менен бирге шаардагы базарларда азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгы боюнча маселе жоктугун, коюлган болк посттордо жүк ташуучу унаалар эс кандай чектөөлөрсүз ишин улантып жаткандыгын айтты.

Бүгүн белгилүү болгондой, учурда коронавирус жуктурган 2 жаран аныкталган. Ал эми кечээ, 24-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган 26 адам аныкталган. Ушуну менен илдетке кабылгандардын саны 44кө жетти.

Белгилей кетсек, өзгөчө абал учурунда Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча башчысы Жеңиш Жоробеков дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий