• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда жана Сузак районунда 12 жаран коменданттык сааттын эрежелерин бузган

Аймак 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды: Жалал-Абадда – 7, Сузакта – 5 адам. Ошол эле мезгилде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тарабынан 144 унаа айып аянтчасына коюлду", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий