• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты 3 жаран бузган

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Жалал-Абадда жана Сузак районунда коменданттык саатты бузган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, бир күн ичинде облус аймагында 24 кылмыш катталып, алардын ичинде өзгөчө оор жана оор кылмыштар жок.

"Бир күн ичинде шаар жана райондук ички иштер башкармалыктарына 62 жаран жеткирилип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 88 унаа айып аянтчасына коюлду. Жалал-Абадда жаан Сузакта коменданттык саатты бузган 3 жаран кармалды", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий