Бишкек, 13.03.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү “Жол кыймылынын жаш досу” аталышындагы мектептер аралык сынак башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Сынак Жалал-Абад шаарында 20 мектептин 7-классынын окуучулары арасында өткөрүлүүдө.
Сынактын максаты окуучуларды жол эрежесин сактоого, патриоттуулук сезимин күчөтүүгө жана жакшы билим алууга чакыруу.
Пикир
Оставить комментарий