• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда комузчулар арасында кароо-сынак өтүүдө

Аймак 0

Бишек, 07.09.22. /Кабар/. 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына жана 9-сентябрь "Комуз күнүнө" карата Жалал-Абад шаарындагы 15 жаштан 25 жашка чейинки комузчулар арасында "Жаш талант - 2022" кароо-сынагынын биринчи туру башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын ачылышына Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, белгилүү комузчулар, өнөр адамдары катышты.

Сынакта ар бир катышуучу бирден күү ойноп, калыстардын баасын алат.

Кароо-сынакка шаар аймагындагы жогорку жана орто окуу жайларынын, кесиптик лицейлердин студенттери, шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу орто мектептин окуучуларынан жалпы 20дан ашуун комузчулар катышууда.

Арасынан эң мыктылары тандалып алынып, 9-сентябрда Барпы театрында чоң салтанат менен өтүүчү жыйынтыктоочу турга катышып, баалуу белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий