• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абадда кол өнөрчүлүк көргөзмөсү өтөт

Аймак 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Эгемендик күнү шаар бийликтери уюштурган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана жашылчалардын жармаңкеси уюштурулат. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, Эгемендиктин кезектеги жылдыгына карата борбордук аянтта майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, шаар аймагындагы тийиштүү профилдеги мекеме-уюмдардын, кол өнөрчүлөрдүн даярдаган улуттук буюмдарынын көргөзмөсү, ошондой эле шаар аймагында өстүрүлгөн жашылчалардын жармаңкеси уюштурулуп, калктын майрамдык маанайын жогорулатуу аракеттери көрүлөт. Демек, шаар калкы майрам учурунда кооз жасалган улуттук буюм-тайымдарга назар таштап, арзан жана сапаттуу жашылчаларды сатып алуу мүмкүндүгүнө ээ болот.

Андан сырткары, күндүзү жергиликтүү өнөрпоздордун күчү менен калкка чоң программадагы концерт берилип, кечиндеси болсо өлкөнүн белгилүү эстрада жылдыздарынын, атактуу ырчыларынын катышуусунда чоң шоу-концерт тартууланмакчы.

Ал эми борбордук “Курманбек” стадионунда спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер уюштурула турган болду.

Пикир

Оставить комментарий