• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абадда жер титиреди

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. КР ӨКМ кызматынан кабарлашкандай, жер титирөө бүгүн, 10-январда болжол менен саат 10:53тө катталган.

Жер титирөө Аксы районунун Кызыл-Жар, Жыл-Кол айылдарында 3 балл, Үч-Коргон жана Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында 2,5 балл, Таш-Көмүр шаарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий