• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар имамга унаа белек кылды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Курман айт майрамына карата Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын баш имамы Нурали ажы Дооронбаевге жергиликтүү тургундар Honda CR-V үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, унааны Кызыл-Үңкүр айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртууда талыкпастан эмгектенип келе жаткан имамга ыраазычылык иретинде белек катары беришти.

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий