Бишкек, 09.01.25. /Кабар/. Жалал-Абадда жоголгон тургунду издөө иши уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, бүгүн таң эрте Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сүттү-Булак жайлоосунда жоголгон адамды издөө иштерине 62 адам тартылды. Анын ичинде 36 куткаруучу, 15и милиция, бешөө мэрия кызматкери жана алтоо жергиликтүү тургун. Издөө иштери учурунда 4 дрон жана спутник байланышы колдонулууда. Куткаруучулар керектүү шаймандар менен камсыз болушкан.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-декабрынан бери Таш-Көмүр шаарынын 46 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий