• 87
  • 90.59
  • 0.86

Жалал-Абадда "Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү" сынагы өттү

Аймак 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. Жалал-Абадда "Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү" сынагы өттү. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы №2 Закиров атындагы мектепте уюштурулган иш-чарага мектеп окуучулары, Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

Сынактын жүрүшүндө жол кыймылын тескеген инпекторлор тарабынан окуучуларга суроолор берилип, соңунда кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Алдыңкы күндөрү мындай иш-чаралар облустун бардык район-шаарларында уюштурулмакчы.

Саамалыктын максаты - жаш жеткинчектер арасында жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүү жана жашы жете элек балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын санын азайтуу.

Пикир

Оставить комментарий