• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Жалал-Абадда ЖРТ тапшыруу үчүн 18 мектеп тандалып алынды – өкүл Мирзахмедов

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Жалал-Абад облусунда жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) тапшыруу үчүн 18 мектеп тандалып алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурда мектептерди даярдоо иштери жүрүүдө.

"Мамлекеттик экзамендердин кандай өтө турганы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чечилүүдө. Ал эми ЖРТ мектептерде өтөт. Облус боюнча 18 мектеп тандалып алынды. Ал жерлерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, талаптарга жооп бергендей аралыктар сакталат", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий