Жалал-Абадда жыл башынан бери өрттөн 7 киши каза болгон

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 6 айында Жалал-Абад облусунда 174 өрт кырсыгы катталып, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,2 пайызга өскөн (2020-жылы 139 өрт катталган).

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрттүн кесепетинен 7 жаран каза болуп, бирөө жараат алып, 7 автоунаа, 110 тонна тоют жабыркап, 18 млн 153 миң 392 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында 429 млн 203 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калынган. Өрт кырсыктарынын 72,4 пайызы турак-жай секторунда катталган.

Пикир

Оставить комментарий