Жалал-Абаддагы №1 кесиптик лицейи Дене тарбия жана спорт департаментине өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Пушкин көчөсү 148а дарегиндеги жоюлуп жаткан №1 кесиптик лицейи Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу департаменттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Токтомду ишке ашыруу максатында комиссия түзүлүп, ага дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов баш болгон жооптуу кызматкерлер, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин өкүлү катышты.

Комиссия кабыл алуу-өткөрүү иштери тууралуу акт түзүп, жыйынтыгында 4,86 гектар жер тилкеси менен имараттар жана курулмалар Билим берүү жана илим министрлигинен алынып, дене тарбия жана спорт департаментине өткөрүлдү.

Азыркы учурда аталган лицейдин айрым имараттары капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж болсо, кээси авариялык абалда. Ошол себептен республикалык бюджеттен 120 млн сом акча каражаты каралып оңдоп-түзөө иштери Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлгөн.

Билим алууга жакшы шарт түзүү үчүн сентябрь айына чейин 4 кабаттуу жатакана жана спорттук залдарды капиталдык оңдоо пландалууда. Мындан сырткары, окуучуларга керектүү окуу куралдар менен дагы камсыздоо жагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий