• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абаддагы №21 орто мектепке жаңы ашкана курулуп, пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы №21 орто мектебинде жаңы ашкана курулуп, пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ашкананын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 10 млн сом сарпталган.

1200 окуучу билим алган №21 орто мектебинде буга чейин ашкананын жоктугунан окуучуларга ысык тамак берилчү эмес. Эми аталган мектептин 500дөн ашуун окуучусуна ысык тамак берилүүдө.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 20 мектеп бар. Учурда алардын 13үндө балдарга ысык тамак берилет.

Пикир

Оставить комментарий