• 87
  • 90.41
  • 0.84

Жалал-Абаддагы Күрпсай суу сактагычында балык чарбасы пайда болот

Экономика 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги суу тилкелерин балык чарба ишмердүүлүгүнө берүү боюнча сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 19-июлда "Эркин-Тоо" гезитинде Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принцибинде Жалал-Абад областындагы Күрпсай суу сактагычынын акваториясынын тилкеси жана Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча суу сактагычынын тилкеси балык чарбасын өнүктүрүү, эс алуу борборун (глемпинг-кемпинг) уюштуруу максатында сынакка коюлган.

Сынакка катышуу үчүн жалпысынан 2 юридикалык жак документтерин жана арыздарын тапшырды. Сыноо жана баалоонун негизинде эң жогорку балл алган төмөнкү катышуучу табылды:

1.Лот 1-1:

  • "Аква Сервис" ЖЧКсы 767 упай;
  • "Биостарт" ЖЧКсы 684 упай.

2. Лот 2-1 конкурска катышууга арыздар берилбегендиктен комиссия тарабынан каралган жок.

Пикир

Оставить комментарий