• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Жалал-Абаддан Ош шаарына дагы 30 куткаруучу жана атайын техникалар барат

Аймак 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунан Ош шаарына дагы 30 куткаруучу жана атайын техникалар барат. Бул тууралуу облус жетекчиси Тилек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим табигый кырсык катталган Ош шаарына жардам көрсөтүү маселесин талкуулаган жыйында кабыл алынган.

"Күн мурун Жалал-Абад облусунан 50 куткаруучу жөнөтүлгөн. Бүгүн да 30 куткаруучу жана атайын техникалар жиберилет. Айттырбай келген бул апааттын кесепеттерин жоюуда чоогу аракет кылуу маанилүү. Себеби, кырсык айтып келбейт, андыктан колубуздан келген жардамды убагында берүү зарыл”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий